• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган судьялары ант беришти

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-ноябрь күнү Жогорку сотто жергиликтүү соттордун жаңы дайындалган судьялары ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Жогорку сотто, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 6-ноябрдагы жарлыгы менен 5 жылдык мөөнөткө дайындалган Жеңишбек Барынбаев, Арстанбек Бектурсунов, Гүлзат Дыйканбаева жана Асхат Дуйсембиев ант беришкен.

Ант берүү аземинде Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырган.

“Мындан тышкары президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 6-ноябрдагы жарлыгы менен жаш курак чегине жеткенге чейин 2020-жылдын 29-октябрынан тартып Чолпон Асанова, Аман Бокомбаев, Надира Жандралиева, Дамира Сагынбекова, Таалайбек Турсунбеков жергиликтүү соттордун судьялары болуп дайындалышты. Ошондой эле 13-октябрдан тартып Аида Мусуралиева жана Азамат Азамат жаш курак чегине жеткенге чейин жергиликтүү соттун судьясы болуп дайындалышты”, - деп айтылат маалыматта.

Президенттин милдетин аткаруучу 11 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык:

- Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна:

Аида Мусуралиева, Азамат Узакбаев;

- Сокулук райондук сотуна:

Асхат Дуйсембиев;

- Жайыл райондук сотуна:

Чолпон Асанова, Аман Бокомбаев, Надира Жандралиева;

- Москва райондук сотуна:

Дамира Сагынбекова;

- Нарын облусунун Нарын райондук сотуна:

Арстанбек Бектурсунов;

- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна:

Гүлзат Дыйканбаева, Таалайбек Турсунбеков;

- Ош шаарынын Ош шаардык сотуна:

Жеңишбек Барынбаев дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий