• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент жергиликтүү сотторго бир катар судьяларды дайындады

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.10.21./Кабар/. Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун дарегине Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 9 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен президент Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчысынын аталган 9 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Чүй облусу:

- Сокулук райондук сотуна:

Садыков Болот Калыбекович;

- Ысык-Ата райондук сотуна:

Шабданбеков Болот Турарович;

- Чүй райондук сотуна:

Абдрасул уулу Бектур;

- Токмок шаардык сотуна:

Акбалаева Нурия Каинбековна;

– Ош облусу:

- Кара-Суу райондук сотуна:

Мамасалиева Мээрим Жумалиевна;

- Ош шаардык сотуна:

Максатбеков Султан Максатбекович;

Мойдунов Абдисалам Абылкасымович;

– Жалал-Абад облусу:

- Жалал-Абад шаардык сотуна:

Бекчалов Кеңешбек Нуржалилович;

– Бишкек шаары:

- Октябрь райондук сотуна:

Карабеков Тимурлан Абдыганыевич.

Пикир

Оставить комментарий