• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.10.21./Кабар/. Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атына Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызмат орундарына (өз орундарына) 14 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык 14 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Мамлекет башчынын аталган 14 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Нарын облусу:

Нарын райондук соту

Калдыбаев Руслан Джаныбекович;

Кочкор райондук соту

Жунусов Сапарбек Токонович;

Нарын шаардык соту:

Жеңишбек уулу Жолдошбек;

Сейдакмат кызы Назира;

– Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көл райондук соту

Шаршенбиева Айнура Турарбековна;

Каракол шаардык соту

Токтобаев Айбек Болотович;

– Талас облусу:

Талас райондук соту

Калматов Ниязбек Курманбекович;

Бакай-Ата райондук соту:

Кермалиев Нурмухамбет Байысбекович;

Турсункулов Бообек Шамалбекович;

Манас райондук соту

Шатманов Дуйшенкул Жээнбекович;

Талас шаардык соту

Турусбеков Акылбек Джусупбекович;

– Бишкек шаары:

Октябрь райондук соту

Абылкасымова Гулнара Абдымыктаровна;

Биринчи май райондук соту:

Айдаралиева Венера Калмуратовна;

Эсенгулова Асел Токтакуновна.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий