• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун атына КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен КР Президенти судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

Мамлекет башчы 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 9 талапкер боюнча КР Президентинин жарлыктары чыккан.

Биринчи Жарлык менен тандалып алынган 9 талапкер КР Конституциясында белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди:

— Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;

— Жаныбек кызы Венера;

— Исаева Кундус Кедейкановна;

— Каипов Эмилбек ӨскӨнбаевич;

— Калыбаев Алмаз Жээнкулович;

— Сатарова Айнура Мелисовна;

— Сыдыков Марат Райымбекович;

— Термечиков Мирлан Арстанбекович;

— Уметова Айгүл Таштанбековна.

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий