• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек жана Чүй облусунун кээ бир райондук сотторунун, ошондой эле Чүй, Нарын, Ош облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым бош судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 22 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен КР Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров судьялык кызматка 11 талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду. Калган 11 талапкер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардан кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.

Жалпысынан Кеңештин тандоосунан өтүп КР Президентине сунушталган талапкерлердин 50% судьясынын жогорку кызмат ордун ээлөөгө жетишээрлик сапаттарды көрсөтө албагандыктан, аларды дайындоого макулдук берилген жок.

Мындай чечимдин бирден бир себеби, бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар сот корпусундагы таза эмес судьялардан арылууга быгытталган. Мындан ары ар бир судьяны кызматка дайындоодо алардын жогорку кесиптик жана адеп-ахлактык сапаттарына маани берүү менен күчөтүлгөн тартипте иш улантылат. Башкача айтканда, мындай кадамдар сот тутумундагы кадрдык саясаттын өзгөчө көңүл бурууларынан кабар берет.

КР Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 11 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндөгү жарлыктары чыгып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Чүй облусу:

Аламүдүн райондук сотуна:

Мусуралиева Аида Султангазиевна;

Узакбаев Азамат Насырович;

Сокулук райондук сотуна:

Дуйсембиев Асхат Абубакирович;

Жайыл райондук сотуна:

Асанова Чолпон Карыпбековна;

Бокомбаев Аман Мамыркожоевич;

Джандралиева Надира Джекшеновна;

Москва райондук сотуна:

Сагынбекова Дамира Эсенбековна;

— Нарын облусу:

Нарын райондук сотуна:

Бектурсунов Арстанбек Аскарбекович;

— Бишкек шаары:

Биринчи май райондук сотуна:

Дыйканбаева Гульзат Ыдырысовна;

Турсунбеков Таалайбек Турсунбекович;

— Ош шаары:

Ош шаардык сотуна:

Барынбаев Жеңишбек Базармаматович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий