• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант берди

Коом 0

Бишкек, 12.01.21. /Кабар/. Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 11-январында КР Жогорку сотунда КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун 2021-жылдын 5-январындагы № 1, 2 жана 3 Жарлыктары менен:

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна:

Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич курагынын чегине жеткенге чейин дайындалды.

Биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалышты:

— Бишкек шаарынын:

Октябрь райондук сотуна:

Жарматова Айдай Жарматовна;

Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.

Свердлов райондук сотуна:

Абыкеев Таалайбек Капарович;

Байдаева Лейла Алиевна.

Ленин райондук сотуна:

Өмүралиев Мелис Асанбекович;

Тентимишов Марлен Бактыгулович.

Ысык-Көл облустук сотуна:

Мырзаканова Бермет Низамидиновна.

Нарын облустук сотуна:

Алыбаев Замир Эрнисбекович.

Пикир

Оставить комментарий