• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 17.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы боюнча дайындалган судьялар ант беришти.

Иш-чарага Жогорку соттун төрайымы жана судьялар катышышты, - деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Тиешелүү Жарлык менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

Чуй облустук сотуна — Адилет Эркебаев;

Ош шаардык сотуна — Гулзат Абсатарова;

Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна — Нурлан Баймуратов;

Ош облусунун Өзгөн райондук сотуна — Алмаз Мамашов;

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна — Марат Акбердиев;

Нарын облустук сотуна — Алтынбек Бердибеков;

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотуна — Гайратбек Абдисаматов;

Баткен облусунун Баткен райондук сотуна — Индира Турдумамбетова жиберилишти.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий