• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жергиликтүү соттун судьясы Максат Орозбакова кызмат ордунан четтетилди

Кадр саясаты 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын берген сунушунун негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Орозбакова Максат Асанкуловна кызмат ордунан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жергиликтүү соттун судьясы Максат Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.

Буга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу көрсөтүлгөн сунуштамасы негиз болгон.

Пикир

Оставить комментарий