• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамагенттиктин жамааты Айтматовду эскеришти

Коом 0

Бишкек, 09.10.18 /Кабар/. 6-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин эмгек жамааты заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ата-Бейит мемориалдык комплексинде болушуп, улуу жазуучуну эскеришти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жазуучунун арбагына багыштап куран окулуп, эстелигине гүлчамбар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий