• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктайт

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктайт.

"Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин эмгек жамаатынан жана өзүмдүн атымдан келе жаткан Жаңы 2020-жылыңыздар менен куттуктайбыз!

Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгы менен жарыяланган "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын" алкагында элибиздин биримдигинин негизинде өлкөбүз үчүн өрнөктүү иштер аткарылып, экономикабыз өсүү менен туруктуу өнүгүүнү шарттай алды.

Дүйнө элдери менен катарлаш келечекке бара жаткан көп этностуу калкыбыз албан иштерди аткарууга белсенип, өздөрүнүн зор үмүттөрүн байланыштырган 2020-жыл босогодон кирип келе жатат.

Өлкөбүздүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине айыл аймактарында жана шаарларында жергиликтүү жамааттардын күнүмдүк турмушундагы маселелерин чечүүдө үзүрлүү эмгекти каалайбыз!

Көп этностуу Кыргыз Республикасынын жарандарына элибиздин ынтымагын жана биримдигин чыңдоого багытталган иштеринде ийгиликтерди каалайбыз. Баарыңыздардын үйүңүздөргө кут кирип, береке толуп, ийгиликтер коштосун. Сиздерге узун өмүр, бакубат турмуш жана бекем ден соолук каалайбыз".

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У. Салиев

Пикир

Оставить комментарий