• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн юридикалык актылардын жыйнагы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинде бүгүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы нормативдик-укуктук актылардын жыйнагынын” бет ачары болду. Бул тууралуу агенттиктин маалымат бөлүмү билдирди.

Ведомство билдиргендей, жыйнак ЮСАИДдин каржылык колдоосунда иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы нормативдик-укуктук актылардын жыйнагын камтыйт. Басылмага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салган мыйзамдык актылар, мыйзамдык нормативдик укуктук актылар кирип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн пайдалуу негизги маалыматтарды камсыздайт. Ошондой эле республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтунун өнүгүшүнө кызыккан окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Пикир

Оставить комментарий