• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүнүн тартиби тууралуу парламенттик угуу өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.12.18/ /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйынды 17-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Регламенти боюнча комитети өткөрөт.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын текшерүүлөрүнө байланышкан мамилелерди жөнгө салат, текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мыйзамсыз кийлигишүүдөн алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу менен байланышкан мамилелерде тараптардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.

Пикир

Оставить комментарий