• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жергиликтүү жетекчилерге эскертүү. Президент Түптүн акимине жана айыл өкмөт башчысына сөгүш берди

Коом 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси - аким Адиев Каныбек Маматбековичке сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, президент ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.

Нет описания.

"Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек.

Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат", - деп кошумчалады Эрбол Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий