• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жерлерди трансформациялоо 200 миң жаран үчүн социалдык маанилүү маселелерди чечүүгө шарт түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 14.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жерлерди трансформациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" Кыргыз Республикасынын кабыл алынган Мыйзамы талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул өзгөртүүлөр өлкө калкы үчүн социалдык мааниге ээ.

«Жерлерди трансформациялоо маселелери 1983-жылдан бери чечилбей келгенин эске алганда, бул жылдар бою айыл чарба жерлерине үйлөрдү куруп алган жарандарда көптөгөн социалдык жана тиричилик маселелери жаралды. Бул маселени чечүү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө Өкмөтүн жетектеп турганда анын көзөмөлүндө болгон. Бүгүнкү күнү бул маселе чечилди. Мыйзамдын кабыл алынышы менен жарандар өз мүлктөрүн легалдаштырып, жашаган жери боюнча каттоодон өтүп, балдарын бала бакчаларга, мектептерге киргизүү, социалдык жана медициналык жардам алуу маселелери чечилет. Бул Мыйзамдын кабыл алынышы жарандардын күнүмдүк турмушуна оң таасирин берет. Биздин жарандардын атынан парламентке жана өлкө Президентине ушул мыйзам долбоорун колдоого алуулары үчүн ыраазычылык билдирем», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, 14 миң гектар жердин ичинен трансформациялоого турак үйлөр салынган 9,1 миң гектар сугат жерлери туш келген. Калган 5 миң гектары мыйзамдын талаптарына дал келбейт жана трансформациялоого туура келбейт.

«Ошентип 40 миң үй курулуштары мыйзамдаштырылат. Эгерде бир үй-бүлөдө орто эсеп менен бештен адам болсо, анда кабыл алынган Мыйзам аркылуу 200 миң адамдын көйгөйү чечилет. Жеке турак жай курулушу башталган жерлерде өз кезегинде жерлерди трансформациялоо процедурасы жүргүзүлгөн эмес. Мындан улам анда салынган турак үйлөргө документтер берилген эмес. 2009-жылдын 31-июлунда айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоого мораторий киргизилген. Эми бул үйлөр салынган жер тилкелери мыйзамдаштырылат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул Мыйзамдын күчү сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүүгө чейин айыл чарба жерлеринде имараттардын жана курулуштардын мыйзамсыз салынышына жол берген адамдарды жоопкерчиликтен бошотпойт.

«Өкмөт жеке үйлөр салынган же ыйгарым укуктуу органдардын тиешелүү чечими бар сугат айдоо жерлерин которуу тартибин он күндүк мөөнөттө иштеп чыгууга жана убактылуу бекитүүгө тийиш. Бул маселенин үстүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеген атайы түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия иштейт. Бекитилген талаптарга ылайык кайсы жерлер трансформацияланбай турганын комиссия аныктайт, алар: жер тилкелерин которууга (трансформациялоого) тиешелүү комиссиянын терс бүтүмү чыккан жер тилкелери, экологиялык жана санитардык эпидемиологиялык ченемдерге жооп бербеген жер тилкелери, сот органдарынын тийиштүү чечими бар жана башка жер тилкелери», - деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Премьер-министр кошумчалагандай, өлкө Өкмөтү тарабынан бул маселе артыкчылыктуу түрдө каралууда, буга байланыштуу тиешелүү мамлекеттик органдар жер тилкелерин которууга (трансформациялоо) каттоо процедураларын дыкат текшерүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий