• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жети адам каза болуп, үчөө жабыркады. Бишкек-Торугарт трассасында ири жол кырсыгы катталды

Кырсык 0


Бишкек, 20.12.20. /Кабар/. Күн мурун, саат 22:00дө Бишкек-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Кабарга" Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкармалыктан кабарлашты.

Алдын ала маалыматка караганда, "Фольксваген" унаасынын айдоочусу карама-каршы тилкеге чыгып, "КИА" үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, 3 киши ар кандай жараат менен ооруканага жеткирилген.

Маркумдардын өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий