• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жети ай ичинде Кепилдик фонду тарабынан 468 млн сомго 264 кепилдик берилген

Коом 0

Бишкек, 27.08.19. /Кабар/. 2019-жылдын 7 айында “Кепилдик фонду” ААК тарабынан 468 млн. сомго 264 кепилдик берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Фонддун төрагасынын орун басары Азамат Кожобаев билдирди.

Анын айтымында, фонддун кепилдиги менен өнөктөш банктар ишкерлерге жалпы 1,4 млрд сом насыя беришкен.

“Берилген кепилдиктердин эсебинен 604 жаңы жумуш оруну түзүлүп, иштеп жаткан 2 миң 816 жумушчу орунга колдоо көрсөтүлгөн. Айым ишкерлерге 97 млн. сомго 66 кепилдик берилген. Ал эми экспорттук долбоорлор үчүн 81 млн. сомго 11 кепилдик берилген”, - дейт Кожобаев.

Ал белгилегендей, “Бир район – бир ишкана” программасынын алкагында 40 долбоор ишке ашырылууда. Алардын ичинде экспортко багытталган, буурчак, мөмө-жемиштерди, сүттү кайра иштетүү, желим бут кийимдерди чыгаруу, тракторлорду чогултуу, мейманкана жана күнөсканаларды куруу, асыл тукум малдарды багуу боюнча долбоорлор бар.

Пикир

Оставить комментарий