• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жети атадан бери келаткан мурас: Тери иштетүү

ТАГДЫР 0

63 жаштагы Ишенбек Чаланов Кыргызстанда дээрлик унутулуп бараткан тери менен иштеген усталардын бири. Ал бир да буюмду машина колдонбой, ѳз колу менен жасайт. Устанын колунан чыккан буюм-теримдер Кыргызстанда гана эмес, бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзүнѳ тарап бааланып келет. Буга анын эмгектеринин АКШ, Германия, Казакстан, Англия, Россия, Кытай, Дания, Япония, Италия сыяктуу өлкөлөрдүн музейлеринде көргөзмөдө турганы, дүйнө жүзү боюнча бир катар өлкөлөрдөн келгендер аларды сатып алып жатканы күбө. И. Чаланов салттык буюм-теримден тарта заманбап жасалгадагы эмгектерди да жасайт. Учурда ал устачылык өнөрүн жаштарга да үйрөтүп жаткан чагы.

«Териге кыргыздын тарыхын түшүрөм»

И. Чалановдун негизги кесиби – сүрөтчүлүк. Муну менен бирге ал студенттик кезинен бери тери иштетип, кол өнөрчүлүк менен да алектенип келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тери иштеткендер барган сайын сейрек кездешип баратат. Ушундан улам каарманыбыз булгаары-тери иштетүүнү жайылтуу керек деп эсептейт: «Мектепте окуп жүргүндө боёо, графика түзүү жана тери иштетүү боюнча өзүмдүн 3 булагым бар болчу. Кийинчерээк көбүнчө тери иштетүүгѳ кѳңүл бѳлѳ баштадым. Булгаарыга кѳңүл кош мамиле жасалып, эч ким колго албай жатканынан улам, бул тармакты жандандырууну, таанытууну жана жайылтууну көздөп калдым. Улуттук маданий баалуулуктарыбыздан ээр, кѳөкѳр сыяктуу териден жасалган буюмдарды жасайм. Менин жасаган эмгектеримден ата-бабабыздын тарыхын, маданиятын, алардын көчмөн турмушун көрүүгө болот».

Кѳѳкѳрчү чоң атанын небереси

И. Чаланов 40 жылдан бери тери иштетип келатканын айтып олтурду. Тери иштетүү ишине шык-жѳндѳмүм бала кезимде эле ойгонгон дейт ал. Чебер уста мектепке бара элек учурунда эле сүрѳт тартууга кызыгып, а кийинчерээк мектепте окуп жүргѳндө тарткан сүрѳттөрү менен бир топ эле ийгиликтерге жетишиптир. Ошентип, өнөргө жакын бала бара-бара жети атадан мураска калган булгаары иштетүүнү да колго алган: «Жетинчи чоң атама элдин баары Кѳѳкѳрчү деп кайрылышчу экен. Себеби ал таланттуу кѳѳкѳр устасы болгон дешет. Атамдын да, апамдын да аталары колунан көөрү төгүлгөн кол ѳнѳрчүлөр болушкан. Ата-тегибиз кол ѳнѳрчүлүк менен алектенгендигинен улам го, айтор, менин да бул өнөргө кызыгуум эрте ойгонду. Үйдөгүлөр да менин аракетимди кош колдоп колдошту. Байкем Кулчанбек экѳѳбүз бири-бирибизге уста-шакирт катары иштеше баштадык. Мен ага тери иштетүүнү үйрѳттүм, ал мага ат ээр жабдыктарын жасаганды үйрѳттү», - деди.

Булгаары буюм көөнөрбөйт

Тери иштетүү өтө татаал, өтө кызыктуу иш дейт уста Чаланов: «Кагазга сүрѳт тартып жатканда каалаган учурунда токтотуп коюп, кийин уланта берсең болот. Бирок терини иштеткенде бул мүмкүн эмес. Терини иштетүү үчүн алгач аны күн бою сууга чылап коюш керек. Чыланып туруп ал сууну ѳзүнѳ сиңирип алып, шиший баштайт. Андан кийин териге сиңген суунун бууланышын күтѳбүз. Тери кургай баштаганда ага калем менен сүрѳт тартууга өтөбүз. Сүрѳт тартылып бүткѳндѳн кийин терини иштете баштайбыз. Ошентип отуруп көөнөрбөс эмгек даяр болот. Анткени иштетилген жана курутулган тери ѳмүр бою бузулбастан сакталып калат».

Ѳтмүшүбүз менен келечегибизди байланыштырган кѳпүрѳ

И. Чаланов С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын булгаары иштетүү бѳлүмүн бүтүрүп, 1981-жылдан ушул убакка чейин ушул эле окуу жайында кол ѳнѳрчүлүгү боюнча сабак берет. Мугалим болуп алгач иштей баштаганда окуу программасына бир катар ѳзгѳртүүлѳрдү киргизип, балдардын кесиптик билимин дагы тереӊдетип үйрөнүшүнѳ шарт түзүүгө аракетин жасаган.

Өзүнүн мугалимдик кесибин кантип баштагандыгы тууралуу ал мындайча кеп кылды: «Булгаары иштетүү өнөрүн ѳтмүшүбүз менен азыркы учурду байланыштырып турган кѳпүрѳ сыяктуу көрөм. Ата-бабаларыбыздын ѳмүр жолун, тарыхын, маданиятын териге чагылдырып жатканымда ушундай сезилет мага. Студенттериме да ушундай мамиле жасагыла деп үйрѳткѳнгѳ аракет кылам. Тайпамда 12 студент бар. Алар менен биргеликте тери иштетүү ѳнѳрүн өнүктүрүү үчүн болгон аракетимди жасайм».

Колунан көөрү төгүлгөн каарманыбыз өзүнүн студенттери менен эл аралык аренада да Кыргызстанды даңазалап келет.

1990-жылы Тажикстандын борбору Душанбеде өткөн «Дүйнѳгѳ белгилүү дизайнерлер» симпозиумунда этнодизайн эмгектери менен кѳпчүлүктүн назарын бурган. Бул симпозиумда айрыкча, казактар кыргыз устанын колунан жаралган тери буюмдарын абдан баалашкан. Акыркы мезгилдерде булгаары иштетүү Казакстанда унутулуп кеткен. Ушул иш-чарадан кийин И. Чалановдун шакирттери Казакстанга чакырылып, жаштарга булгаары иштетүү боюнча мастер-класстарды ѳткѳрүп келишкен.

Мындай мастер-класстар чындыгында булгаары иштетүүнү бир кыйла жандандырган.

Булгаарыга түшүрүлгѳн коомдук билдирүү

И. Чаланов эмгектеринде учурдагы коомдук окуяларды да чагылдырганын баса белгилеп айтуу керек: «Искусство адамдары өз эмгектеринде кѳпчүлүк учурда коомдогу окуяларды чагылдырууга аракет кылышат. Мен дагы 1996-жылы Пакистанда 32 ѳлкѳнүн катышуусу менен ѳткѳрүлгѳн эл аралык кѳргѳзмѳгѳ «Кумтѳр» аттуу эмгектердин жыйнагы менен катыштым. Ошол убактарда «Кумтөрдүн» айланасында кээ бир терс окуялар болгону маалым. Ал окуяга байланыштуу сезимдеримди, эмгегимде чагылдырып, аны бүткүл дүйнө жүзүнѳ билдиргим келген».

Даярдаган Самира Шарипова

Пикир

Оставить комментарий