• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жети-Өгүз районунда акысыз 40 тонна көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында жардамга муктаж 30 үй-бүлөгө 30 тонна көмүр акысыз таркатылды. Бул тууралуу жергиликтүү хатибияттын баш имамы Талантбек Акылбек уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, ошондой эле дагы 10 тонна кара алтын аймактын борбордук мечити менен райондогу имамдарга бөлүнүп берилди.

Талантбек Акылбек уулунун айтымында, кайрымдуулук акциясы Кызыл-Суу айылынын тургуну, жеке ишкер Сардарбек Аттокуров уюштурган.

“Сардарбек агабыз мындай кайрымдуулук иштерин жыл сайын уюштуруп келет. Ал Кызыл-Суу айылынын тургундарына байма-бай көмөктөшүп, өзгөчө колунда жокторго колдоосун аябайт. Бул жылы да ошондой кайрымдуулук акцияларынын бири ишке ашты. Бирок бул жолкусунда дин кызматкерлеринде да кол сунулуп, акысыз көмүр таратылды. Мындан улам Кызыл-Суу айылынын тургундары жана Жети-Өгүз районунун хатибиятынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз”,- дейт Талантбек Акылбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий