• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жети-Өгүз районунда эки жаран мыйзамсыз бак кыйганга шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда эки жаран мыйзамсыз бак кыйганга шектелүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 24-январь күнү Ысык-Көл ОИИБнин туристтик-экологиялык милициянын кызматынын кызматкерлерине "Жети-Өгүз" курортунда жергиликтүү тургун, өз үйүндө мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Маалыматты текшерүү учурунда, 51 жаштагы А.К.нын үйүнүн короосунда ар биринин узундугу 5-5,5 метрди түзгөн 16 даана тянь-шань карагайы табылган. Үйдүн ээси, кыйылган карагайларга тийиштүү уруксат берүүчү иш кагаздарын милиция кызматкерлерине көрсөтө алган жок.

Ошол эле күнү, туристтик-экологиялык милициянын дагы бир тобунун кызматкерлери тарабынан "Жети-Өгүз" токой-чарбасынын тилкесинен, Кургак-Айрык айылынын 39 жаштагы тургуну Т.Бнын. башкаруусундагы "Мерседес-Спринтер" үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен уруксат кагаздары жок 7 даана тянь-шань карагайы табылган.

Аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иш кагаздары толтуруп, юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий