• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгы белгиленди

Президент 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Үч-Булак жайлоосунда "Бирназар - биримдиктин уюткусу" аталышындагы кыргыз урууларынын сырткы баскынчыларга каршы күрөшү тууралуу тарыхый театралдашкан спектакли коюлду.

Ал этномузыка жана атчан каскадёрлордун трюктары менен коштолду.

Мамлекет башчысы салтанатты ачып жатып, Бирназар бийдин кыргыз жерлерин сактап калууга, сырткы баскынчылардын мизин кайтарууга жана кыргыз урууларынын чек араларын аныктоого кошкон чоң саясий, аскердик жана дипломатиялык салымын белгиледи.

Президент Садыр Жапаровго Бирназар бийдин ата-бабалары, урпактары жана анын санжыра дарагы тууралуу архивдик материалдар көрсөтүлдү.

Иш-чарада түрдүү этно-оюндар көрсөтүлуп, бүркүт салуу, тайган жарыштары ж.б. болду.

Пикир

Оставить комментарий