• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жети-Өгүздө кар көчкүнүн астында калган жарандын сөөгү табылды – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 24.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Жети-Өгүз районунда кар көчкүнүн астында калган 38 жаштагы Р.А., аттуу жарандын сөөгү табылды,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кар астында калган аңчынын сөөгү бүгүн, 24-январда болжол менен саат 12:50 табылган.

“Азыркы убакта маркумдун денесин тоодон түшүрүү иш-чаралары аткарылууда. Куткаруучулар менен издөө иштерине катышкан жергиликтүү тургундар Жети-Өгүз айылына түшүп келишүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 21-январь күнү болжол менен саат 17:00дө Көк-Жайык жайлоосунун Телти участогунда 3 адам аңчылык кылып жүрүшкөндө кар көчкү түшүп, бирөөнү басып калган. Издөө иштерине жалпысынан 100дөн ашуун адам тартылган.

Пикир

Оставить комментарий