• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жети-Өгүздө Чоң-Кызыл-Суу суусунун нугун тазалоо иштери бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.09.20. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда Чоң-Кызыл-Суу суусунун нугун тазалоо иштери бүткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын мерчемине ылайык атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Пристань айылындагы агып өтүүчү Чоң-Кызыл-Суу суусунун нугун механикалык тазалоо иштери 14-сентябрда башталып 21-сентябрда бүткөрүлдү.

Жай мезгилинде аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктерин жеп баштаган жана үч турак үйгө коркунуч жаралган.

Бүгүнкү күндө 3 үч турак жай корголду.

Алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга ӨКМден 1 даана экскаватор, вичай техникасы жана 1 даана трал автоунаасы тартылган.

Пикир

Оставить комментарий