• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында Маданият үйү ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. 2017-жылдын 1-майында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында Садырбек Абдрахманов атындагы Маданият үйү салтанаттуу түрдө ишке берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маданият үйүнүн эски имараты 1938-жылы курулган. Ал эми 2009-жылы ал авариялык абалда деп таанылып, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду тарабынан жаңы имараттын курулушу башталган. Ага 42 млн сомдон ашык каражат каралган.

Ачылыш салтанатына КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров катышты.

Пикир

Оставить комментарий