• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жети-Өгүз районундагы малдан лейкоз оорусу аныкталып жатат

Аймак 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң айылында үч баш уйдан лейкоз (ак кан) аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жети-Өгүз районундук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Бактыбек Жумаев билдирди.

Жумаев жыл сайын декабрь айында малдардын каны текшерүүгө алынарын айтты.

“2021-жылдын декабрь айында 23 миң уй текшерилип, үч баш уйдан лейкоз аныкталган. Бирок малдын ээси оору бар экендигин кабыл албай койгон. Облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгына кайрылып, ал уйдан кайра анализ алууну уюштурдук. Кечээ лейкоз аныкталган үч баш уй менен кошо кошуналардын уйларынын дагы анализдерин алып, Караколдогу лабораторияга жибердик. Толук жыйынтыгы үч күндөн кийин чыгат. Бирок мага бүгүн лабораториядан чалып, үч баш уйдан лейкоз табылганын тастыкташты”, - дейт ал.

Бактыбек Жумаев үч баш уйдун тастыктоочу документи жана алар менен кошо жиберилген уйлардын жыйынтыгы кийинки жума шейшемби күнү келип түшөрүн маалымдады.

"Тастыкталган уйлар биздин адистин көзөмөлүндө Караколдогу мал союучу жайга жиберилип, акт түзүлөт", - деп кошумчалады ал.

Ичке-Булуң айылынын жашоочулары алардын малдан алгачкы анализди 2021-жылдын ноябрь айынын башында алышкандыгын кабарлашты.

"Жыйынтыгы айдын аягында чыккан, бирок бизге ал кагазды январдын ондорунда беришти. Кайра анализ кылгыла деп талап кылсак, кыла албайбыз деп коюшкан. Биз облустук ветеринардык кызматка чейин барып, суроо-талап койгон соң экинчи ирет анализ алышты. Айрымдары лейкоз жугуштуу экендигин айтып, айылдагылар сар-санаа болуп жатышат", - деди "Кабар" агенттигине айыл тургуну Айгүл Шамшиева.

Айылдыктардын айтымына таянсак, ылаң аныкталган малдар Россиядан келген жана Кыргызстанда былтыр жайында Чүйдүн мал базарларында сатылып кеткен. Сатуучулар малдын тазалыгы тууралуу документтерди көрсөтө алышкан эмес. Андай уйлар азыр бүт Кыргызстан боюнча тарап кетиши мүмкүн дешти.

Ветеринардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Бактыбек Жумаев лейкоз жугуштуу оору эместигин айтып, жергиликтүү тургундарды чоочулабоого чакырды.

“Жашоочулардын оору тууралуу толук маалыматы болбогондуктан сар-санаа болуп жатат. Буга чейин айтып кеткендей, кийинки жума ишемби күнү анализдердин толук жыйынтыгы чыккандан кийин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөм”, - деп белгиледи Жумаев.

Пикир

Оставить комментарий