• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жети-Өгүз токой чарбасында мыйзамсыз бак кыюу болгон эмес – Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги

Коом 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Жети-Өгүз токой чарбасында мыйзамсыз бак кыюу болгон эмес. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, ЖМКларга чыккан Жети-Өгүз токой чарбасында ийне жалбырактуу дарактар кыйылууда деген маалыматты текшерүү үчүн комиссия түзүлгөн.

"Комиссиянын мүчөлөрү аталган токой чарбасынын аймагын текшерип, мыйзамсыз кыйылган бактарда тапкан эмес. Катуу шамалдан улам кулаган 18 түп тянь-шань карагайы табылган. Андан 26 миң сом чыгым келтирилген. Бул факт боюнча протокол түзүлүп, иштин материалдары Жети-Өгүз райондук милициясына өткөрүлүп берилди", - деп билдиришти агенттиктен.

Белгилей кетсек, Жети-Өгүз токой чарбасынын жалпы аянты 90 миң 388 га түзөт.

Пикир

Оставить комментарий