• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жети-Өгүздө үч адам кар көчкү астында калып, бирөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.01.18. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосунун Телки участогунда бир адам кар көчкү астында калды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-январда болжол менен саат 17:00 чамасында 3 адам отун чогултуп жүргөн учурда кар көчкү түшүп, 1979-жылы туулган А.Р.Б., аттуу жаран кар көчкү астында калган.

“Экөө аман калган. Учурда кар көчкүнүн көлөмү такталууда”,-деп билдиришти ӨКМден.

Издөө-куткаруу иштерине КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМнин Каракол шаардык №15 адистештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам, жалпы КР ӨКМнен 10 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.

Учурда издөө иштери уланууда. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий