• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жети-Өгүздө чет өлкөлүк жаран тоодон кулап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Жети-Өгүз капчыгайында чет өлкөлүк адам тоодон кулап каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 17:30дар чамасында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө “Көк-Жайык” жайлоосунда чет өлкөнүн жараны каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

68 жаштагы Түштүк Кореянын жараны Чульсо Ким 64 жаштагы жубайы Тейвон Пак менен Караколдон “Көк-Жайык” жайлоосуна шаркыратманы көргөнү келгендиги аныкталган.

“Саат 16:30 чамасында алар шаркыратмага жалгыз аяк жол менен бара жатышканда Ким Чульсо тайып кетип 25-30 метр бийик жерден кулап түшкөн. Натыйжада ошол жерден каза болгон. Көз жумган туристтин жубайы алар 15-июлда туристтердин тобу менен келишкенин айткан”, - деп билдиришти милициядан.

Жубайы бул кырсык болгондуктан эч кандай дооматы жок экендигин айткан.

Аталган факт Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий