• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жети-Өгүздө дээрлик 1 млн сомго бааланган малды уурдоого шектелип эки жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда дээрлик 1 млн сомго бааланган малдарды уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, тергөөчүлөр Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") менен сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү катары кармалган адамдарда мал уурулук боюнча 6 факты катталганын аныкташкан. Келтирилген зыяндын жалпы баасы 950 миң сомду түзгөн.

"12-ноябрдан 7-декабрга чейинки аралыкта белгисиз адамдар тарабынан Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Оргочор жана Ак-Кочкор айылдарынын талааларында жергиликтүү тургундарынын кароосуз жайылып жүргөн 9 баш бээсин жана 9 баш кулунун уурдап кетишкен. Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамдарды кармоого жетишти", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү катары Тилекмат айылынын 47 жаштагы М.Т. аттуу тургуну жана Кызыл-Суу айылынын 34 жаштагы Ш.А. аттуу тургуну кармалган.

Алгачкы берген көрсөтмөлөрүндө шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышып, уурдалган малдарды базар баасынан төмөн баада соодалап жүрүшкөнүн айтышкан. Далил катары уурдалган малдар алынды.

Пикир

Оставить комментарий