• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жети-Өгүздө эки унаа кагылышып, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.17./Кабар/. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын Манас көчөсүндө эки унаа кагылышып, айдоочу каза болгон. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 12-ноябрда болжол менен кечки саат 18:50 чамасында катталган.

Билдирүүгө ылайык, кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №36 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышкан.

““Нива” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми, “Жигули” унаасынан эки адам жеңил жаракат алган.

Каза болгон адамды тез жардам кызматы өлүк сактоочу жайга алып кетишкен, жаракат алгандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий