• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жети-Өгүздө көлдү булгап жаткан мал союучу жай аныкталды (видео, сүрөт)

Аймак 0


Бишкек, 26.07.22. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери сууну булгап жаткан мал союучу жайды аныкташты.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 25-июль күнү рейддин жүрүшүндө туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагында жайгашкан Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жай аныкталган.

Милиция кызматкерлери жайды текшерүү учурунда калдыктардын бир бөлүгү – союлган малдын каны-жини түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, мал союучу жайга тергөө-ыкчам тобу алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүүгө барган.

Касапкананын ээси 32 жаштагы С.Ж.нын айтымында, аталган жай болгону эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Ал малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалган, бирок калдыктардын бир аз бөлүгү касапкананын аймагына төгүлөрүн, жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткендигин билдирген..

Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кийинки юридикалык баа берүү менен текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий