• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жети-Өгүздө мал караганы кетип, дайынсыз болуп жаткан жаран куткарылды

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Жети-Өгүздө жайлоого мал караганы кетип, дайынсыз болуп жаткан жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл аймагына тиешелүү Эмеген, Кайнар, Үзөңгү-Кууш кыштоосуна Кызыл-Суу айылынын тургуну 1972-жылы Ж.К. 3-июнда мал караганы кеткенден бери кабар жок болгондуктан райондук ӨКБден 2 куткаруучу, Ак-Шыйрак жана Кара-Сай айыл аймактарынын башчылары издөөгө чыгышкан. Жогоруда аталган жарандын унаасы Семен ашуусунда чыга албай калгандыктан, байланышка чыккан эмес.

Куткаруучулар унаасын ашуудан чыгарышып, чогуу кайтып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий