• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жети-Өгүздө тигүү цехи ачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын тургуну 25 орундуу тигүү цехин ачты. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду билдирет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, ишкана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен ачылды.

2022-жылы ишкер тигүү цехин ачуу боюнча долбоор жазып, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусуна кайрылган.

Фонддун байкоочу кенеши долбоорду жактырып, 1 млн сом пайызсыз насыя бөлүү чечимин чыгарган. Каражатка ишкер тигүүчү машиналарды, бычуучу аппараттарды, үтүктөрдү жана башка керектүү жабдууларды сатып алган. Тигүү цехи айылдык маданият үйүнүн бир тарабында жайгашкан.

Ишкер ошондой эле үйдө отуруп тиккен тикмечилерге шарттарды түзүп берген. Ишкердин айтымында, буйрутмалар басымдуу түрдө Россиядан түшүүдө. Тигүүчүлөрдүн айлык акысы жума сайын берилип, орто эсеп менен 15 миң сомдон 25 миң сомго чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий