• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жети-Өгүздө тургундар өз ыктыяры менен катталбаган ок атуучу куралдарын тапшырып беришти

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Жети-Өгүз районунда жергиликтүү беш тургун өз ыктыяры менен катталбаган ок атуучу куралдарын тапшырып беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, ок атуучу куралды колдонуу менен жасалган укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуунун негизги ыкмаларынын бири - бул жогорудагы каражаттарды өз ыктыяры менен тапшыруу жана аны мыйзамдаштыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүү болуп саналат.

Аталган максатта милициянын көчмө кабылдамалары менен айылдарды кыдыруу учурунда облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыруу боюнча активдүү түшүндүрмөлөрдү жүргүзүп келүүдө.

"Иш-чарага мындай жасалып жаткан мамиле өзүнүн натыйжаларын берүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Атап айтканда, Жети-Өгүз районунун Дархан жана Саруу айылдарынын жашоочуларын милициянын көчмө кабылдамасы менен кабыл алуу учурунда жергиликтүү айыл тургундары ата-энелеринен калып, ушул күнгө чейин катталбай жүргөн 5 данаа сайсыз мылтыктарын өз ыктыярлары менен өткөрүп беришти.

Аларга өз ыктыярлары менен тапшырылган ок атуучу куралдар тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин өздөрүнүн аттарына кайрадан мыйзам жүзүндө каттоонун жол-жобосу кеӊири түшүндүрүлүп берилди.

Жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда милиция кызматкерлери, эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, анда аны сактоого жана колдонууга мыйзам алкагында тыюу салынарын дагы бир жолу эскертишти.

Аталган курал-жарактар токтоосуз ички иштер органдарына өткөрүлүшү керек экендигин, же болбосо жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
жооп берерин, ошондой эле алар каттоодон өтпөгөн курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырса, алар жоопкерчиликтен бошотула тургандыктарын түшүндүрүштү.

Пикир

Оставить комментарий