• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жети-Өгүздө заманбап үлгүдө курулган мечит ишке берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Дархан айылында заманбап үлгүдө курулган мечит ишке берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мечиттин ачылышына облус казысы Алмзбек Сагындыков, жергиликтүү тургундар катышты.

"“Жакып уулу Калысбек ата” ысымы берилген жаңы мечиттин курулушун Калысбек атанын балдары каржылады. Мечит менен бирге эле балдарды окутуу борбору, атайын канаалар да бүткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий