• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жети – Өгүздө жүк ташуучу унаа өспүрүмдү өлтүрө сүзүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз айылында жүк ташуучу унаа 16 жаштагы өспүрүмдү өлтүрө сүзүп кетти. Окуя кечээ, 26- июнда болжол менен саат 14:40тар чамасында болгон.

“Айдоочунун өзүнүн айтымына караганда, өспүрүм жолдун унаа жүрүүчү тилкесине чуркап чыга калган кезде ал унаасын токтотууга үлгүрбөй калган. 25 жаштагы айдоочу жабырлануучуну ооруканага жеткирген, бирок бала эсине келбей каза болгон”, - деп “Кабар” агенттигине милициядан билдиришти.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий