• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жети-Өгүздө жаңы балдар бакчасы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрда, Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылында жаңы балдар бакчасы ачылды, - деп билдирет Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун башчысы Самат Медеров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Бала бакчанын курулуш иштери 2020-жылдын майында башталган.

Жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2 кабаттан туруп, 140 орунга ылайыкташкан. Жалпы тендерлик баасы 55 млн 534 миң сом.

Каржылоо толугу менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан жүргүзүлүүдө. Жаңы бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Эске салсак, буга чейин Светлая Поляна айылына Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан мектеп жана спорт зал курулуп берилген.

Пикир

Оставить комментарий