• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жети-Өгүздө жергиликтүү тургундарды 2,3 млн сомго алдап кеткен РФ жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун жети-Өгүз районунда Россия Федерациясынын 40 жаштагы жараны жергиликтүү тургундарды 2 млн 300 миң сомго алдып, Россияга чыгып кеткени жатканда кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук милициясына Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылып, август айынын башында «Али» аттуу жаран андан 29 миӊ сомго бааланган 575 килограмм абрикос өрүгүн алып, акча каражатын бир жуманын ичинде төлөп берем деп убада кылып, төлөбөстөн кетип калганын билдирген.

Арыз КР Жазык кодексинин 204-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде райондук милициянын КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал РФнын 40 жаштагы жараны М.М. болуп чыккан.

Андан тышкары, милиция кызматкерлерине түшкөн ыкчам маалымат боюнча шектүү жаран жакынкы арада Кыргызстандан чыгып кетүүгө даярданып жатканы да белгилүү болгон. Мындан улам тергөө кызматы тарабынан «Манас» эл аралык аэропортуна жана чек ара кызматына аны өлкөдөн чыгарбоо боюнча билдирме жиберилген.

Жакында шектүү М.М. республиканын аймагынан учуп кеткени жатканда аэропорттун кызматкерлери тарабынан кармалып, Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү М.М. алдамчылыктын дагы 60 учуруна тийиштиги бар экендиги аныкталып, райондун жергиликтүү тургундарына 2 миллион 300 миӊ сом зыян келтиргени белгилүү болгон. Бардык аныкталган учурлар боюнча жабырлануучулардан арыздар алынып, райондук милициянын КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан шектүү М.М.нын башка ушул өңдүү алдамчылыка тийиштиги бар, же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Ал эми кылмышка шектүү катары кармалган жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий