• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жети-Өгүздө жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Жети-Өгүздө жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 205-чакырымында (Жети-Өгүз айылы) "Ауди-80" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек киши жаракат алган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий