• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жети-Өгүздө жол кырсыгынан 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17- июль /Кабар/. Жети-Өгүздөгү Кытай айылында жол кырсыгы катталып, төрт адам жабыркады деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Жети-Өгүздө жайгашкан медициналык посттун кызматкерлеринин жардамы менен жабыркагандар облустук ооруканага жеткирилип, эки жаранга амбулатордук жардам көрсөтүлсө, экөө жаткырылган.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, жабыркагандардын баш мээси чайкалып, төш клеткалары, ички органдары жабыркап, согончогу сынып кеткен.

Алардын бирөөсү реанимицияга түшүп абалы оор экени айтылды. Экинчи жабырлануучунун абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий