• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жети мүнөт жетпей калдым! Ыктыярчы кыз жардам көрсөткөн адам тирүү. Видео

Коом 0


Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Буга чейин социалдык тармакта ыктыярчы кыз эркек кишинин өмүрүн сактай албагандыгын айтып, көзүнө жаш алган видео тараган. Ал адам каза болгон эмес жана ыктыярчы кызга ыраазычылыгын билдиргенин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган окуя боюнча Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы окуянын чоо-жайын текшерүүнү баштаган. Милиция кызматы жаранды кайсы ооруканага кабыл албай койгондугун текшерүү максатында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, ыкчам иликтөө иш-чараларын баштаган.

Алдын ала иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалым болгондой А.Мурзаева өз ыктыяры менен “Жаштар демилге борбору” коомдук уюмуна ыктыярчы болуп иштеп жаткан. Ыктыярчылар 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өрго конушундагы көчөлөрдүн биринде эс-учун жоготуп, дем алуусу кыйын болуп жаткан жаранды түнкү стационарга алып барышкан.

“Стационарда дарыгерлер бош орундук жок экендигин билдиришкен. Бирок убактылуу болсо дагы ал жаранды кычкылтек концентраторуна кошуп коюуну суранышкан. Ага дарыгерлер макул болуп, ал адамды стационарга алып киришкен. Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационарда иштеген дарыгерлердин бири эркек кишинин каза болуп калгандыгын билдирген. Ал адамдын кандайдыр бир кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Ыктыярчылар кетип калганда ал адам кайрадан эсине келген. Иликтөө иш-чараларынын учурунда жогорудагы каза болуп калды деген маалымат жалган болуп чыккан. Ал Ат-Башы районунун тургуну, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендиги такталган.

Жоломан Карымшаков 16-июль күнү саат болжол менен саат 22:00 чамасында мас абалда жүрүп, кан басымы көтөрүлүп, Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунан жолдо жатып калганын айткан.

“Мени ыктыярчылар өздөрүнүн унаасына салып, ооруканага алып жөнөштү. Жолдо келе жатканда өзүмдү бир жоготуп, бир өзүмө келип машинада бара жаткандыгымды сезип, андагы бир кызды карап: “Менин кызымдай болгон кыз экенсиң, мен кызымды жакшы көрөмүн, эгерде мен өлүп калсам, кызыма атаң сени жакшы көрөт деп айтып койчу” дегенден кийин өзүмдү кайрадан жоготуп койгом. Көзүмдү ачсам мага капельница коюп жаткандыктарын байкадым. Ал бүткөндөн кийин медкызматкерлердин уруксаты менен үйүмө кетип калганмын”, - дейт Карымшаков.

Жоломан Карымшаков ыктыярчы А.Мурзаева менен жолугуп, ага ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий