• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жети миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн эки ымыркайга 200 миң сомдон тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад жана Талас облустарында 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристелердин ата-энелерине 200 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү билдирет.

Маалыматка ылайык, сертификаттарды президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбековдор тапшырды.

Жалал-Абадда Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына удаалаш төрөлгөн наристени Сузак районунун Кыр-Жол айылынын 19 жаштагы тургуну Сардиана Омуралиева жарыкка алып келген. Удаалаш төрөлгөн жаран анын биринчи наристеси.

Ал эми Таласта Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына удаалаш төрөлгөн наристе Кара-Буура районунун Чолпонбай айылындагы Кумар Аксокуев жана Нурлуукыз Бактыбек кызынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн ымыркай Сейил болгон. Буга чейин жубайлар 1 кыз бир уулду болушкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда түнкү саат 02:10до төрөлгөн уул бала болду.

Пикир

Оставить комментарий