• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жети партия алдыда. Шайлоо бюллетендеринин 50 пайызы кол менен саналып бүттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округдагы добуштардын кол менен 50 пайызы, башкача айтканда, 2 миң 494 шайлоо тилкесинен 1 257 участканын маалыматы келип түштү.

Кол менен эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы төмөнкүдөй:

№1 «Ата-Мекен» - 3.46%;
№2 «Бүтүн Кыргызстан» - 6.14%;
№3 «Альянс» - 7.07%;
№4 «Легалайз» - 0.50%;
№5 «Ыйман Нуру» - 7.13%;
№6 «Күчтүү регион» - 0.59%;
№7 «Багыт» - 1.07%;
№8 «Ынтымак» - 13.28%;
№9 «Ишеним» - 13.03%;
№10 «Азаттык» - 3.55%;
№11 «Мекенчил эл» - 1.89%;
№12 «Кыргызстан жашылдар партиясы» - 0.47%;
№13 «Жашасын Кыргызстан» - 0.53%;
№14 «Социал-Демократтар» - 2.60%;
№15 «Аруузат-Эл Куту партиясы» - 0.49%
№16 «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия» - 0.94%;
№17 «Улуттар Биримдиги» - 1.81%;
№18 «Эл Үмүтү» - 5.32%;
№19 «Ордо» - 0.54%;
№20 «Улуу-Журт» - 0.72%;
№21 «Ата-Журт Кыргызстан» - 15.78%;
Баарына каршы - 2.22%.

Эскерте кетсек, шайлоо тилкелериндеги добуштар колго эсептелип жаткандыктан маалыматтар өзгөрүп турат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышты.

Пикир

Оставить комментарий