• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жети партия БШКга парламенттик шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Тизме

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына жети партиядан 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келди.

БШКдан билдиришкендей, алар төмөнкү партиялар:

1. “Социал-Демократтар” партиясы;
2. “Улуттар биримдиги” партиясы;
3. “Ишеним” партиясы;
4. “Альянс” партиясы;
5. “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;
6. “Жаратман эл” партиясы;
7. “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы” (Патриотическая партия единения Кыргызстана).

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындагандан кийин 5 календарлык күндүн аралыгында шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына катышуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлашы керектигин эскертет.

Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси кол коюуга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазуу түрүндө маалымдоо берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий