• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жети университет академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча меморандумга кол койду (тизме)

Билим 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Өлкөнүн жети университетинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча меморандумга кол коюлду.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, меморандумга бүгүн, 27-мартта жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп-анализ жыйынында кол коюлган.

Меморандумга кол койгон жогорку окуу жайлар ортосунда студенттерди алмашуу программасы иштеп, студенттерге жогоруда аталган университеттердин биринде жарым семестр билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Алар:

  1. Баткен мамлекеттик университети;
  2. Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;
  3. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;
  4. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;
  5. С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;
  6. А. Мырзабеков атындагы Ош мамлекеттик Педагогикалык университети;
  7. Талас мамлекеттик университети.

Пикир

Оставить комментарий