• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жетим-Тоо кени тууралуу жалган маалымат боюнча «Полит Узниктин» администраторуна иш козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.22. /Кабар/. «Полит Узник» баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев ИИМдин Тергөө кызматына чакырылып, Facebook`ка тараткан Абдил Сегизбаевдин маалыматы боюнча тергөөгө тиешелүү көрсөтмөлөрүн жооп берди.

Аталган видео эки жыл мурдагы шайлоолорго байланыштуу экендиги аныкталды.

«Полит Узник» баракчасындагы жарыяланган эски видео кээ бир активисттердин жана башка адамдардын жалган жана так эмес маалыматтарды таратуучулардын кызыкчылыгы, ошондой эле Жетим-Тоо кенинин айланасындагы абалды курчутуу максатында коомдук ой-пикирди атайылап манипуляциялоога багытталгандыгы байкалат.

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу Кылмыш жаза Кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандык") 3-пунктуна ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Учурда тергөө кызматы тарабынан тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий