• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Жеткиликтүү ипотека": МИК жылына 14% насыяларды каржылоо үчүн тизмелерди түзө баштады

Экономика 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААКсы Бишкек жана Ош шаарларында "Жеткиликтүү Ипотека" багыты боюнча жылына 14% пайыздык ипотекалык насыяларды каржылоо үчүн тизмелер түзүлө баштагандыгын жарыялайт.

Компания билдиргендей, ипотекалык насыяларды бюджеттен тышкары мекемелерде иштеген бардык жарандар, анын ичинде жеке ишкерлер жана фермерлер да ала алышат. Немис өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында "Жеткиликтүү ипотека" багыты боюнча насыя өлкөнүн аймактарында гана берилет. Буга байланыштуу "МИК" ААКсынын чечими менен ипотекалык баалуу кагаздардан тартылган финансылык ресурстардан Бишкек жана Ош пилоттук шаарларына квота бөлүнгөн:

- Бишкек ш. –140;

- Ош ш. – 60.

Жарандар "Жеткиликтүү турак жай-2015-2020" программасына катышуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына (шаар мэрияларына, райондук администрацияларга) арыз менен кошо тийиштүү документтерин бериши зарыл.

Керектүү документтердин тизмеси жана тандоо критерийлери сайтта жарыяланган.

Буга чейин "МИК" ААКсы Ош жана Бишкек шаарларынан сырткары өлкөнүн баардык аймактары үчүн "Жеткиликтүү ипотека" багыты боюнча квоталарды белгилеген.

Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылууга болот:

Бишкек ш., Токтогул көч., 228

Байланыш телефондору: 61 06 61, 61 06 77

Сайт www.gik.kg

Пикир

Оставить комментарий