• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жеткирүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышы талкууга алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөгү” Мыйзамдын аткарылышы боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан демилгеленген иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Экономика министри Олег Панкратов баштаган Өкмөттүк мекемелердин жетекчилери, тармактык адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Талкууда сөз сүйлөгөн Жеткирүүчүлɵр (ɵндүрүүчүлɵр жана дистрибьютирлер) ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаева “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндөгү” Мыйзам заман талабына ылайык, өзгөртүүгө муктаж экенин белгилеп: “Алардын ичинен жеткирүүчүлөр менен соода түйүндөрү ортосундагы алаканы теңдөө учур талабы. Анткени, көпчүлүк учурда жеткирүүчүлөр соода түйүндөрүнүн кызыкчылыгы үчүн гана иштеп келет. Айрыкча бул жаатта чет өлкөдөн ташып, жеткирүүчүлөр эле эмес, ата-мекендик товар өндүрүүчүлөр жана таратуучулар көп көйгөйгө кептелүүдө”, – деди.

Мындан тышкары, Гульнара Ускенбаева көпчүлүк ата-мекендик өндүрүүчүлөр жана дистрибьютерлер азык-түлүктү ташып жеткирүү менен алектенгендиктен, алардын колдонуу мөөнөтүнө байланышкан маселелерде кыйынчылык тартып жатканын кошумчалады.

Ал эми “Базарлар ассоциациясы, соода ишканалар жана Кыргызстандын кызмат кɵрсɵтүү сфералары” юридикалык жактардын Кошундарынын Президенти Сергей Пономарев жеткирүүчүлөр менен соода түйүндөрү ортосунда кызыкчылыктар кагылышы арбын катталарын белгилеп, эл аралык тажрыйбалардын негизинде мыйзамдык жактан чараларды иштеп чыгуу аркылуу байланышты тең салмактоо зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле бүгүнкү жыйында аталган мыйзам боюнча Өкмөт өкүлдөрүнүн да пикирлери угулуп, атайын иликтөөнүн жыйынтыгы да талкууга алынды.

Пикир

Оставить комментарий