• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жидда шаарында кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду

Саясат 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Сауд Арабиясынын Жидда шаарында 25-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков Ислам Кызматташтык Уюмунун түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналган «Биргеликте тынчтыкка жана өнүгүүгө» аталышындагы «Алтын Юбилей» салтанаттуу аземине катышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын алкагында министр Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Юсуф Аль-Усеймин жана Сауд Арабия Падышалыгынын тышкы иштер министри, ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Ислам Кызматташтык Уюмунун ортосундагы кызматташтыктын келечеги жана Сауд Арабия Падышалыгы менен эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий