• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жигити кол салган аялдын абалы оор, ал комада – дарыгер

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жигити барымтага алып, кол салган аялдын абалы өтө оор. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, жабыркаган аял жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. "Ал адам ооруканага түшкөндө бычак анын моюн тарабына үч жолу тийгени аныкталып, ыкчам түрдө операция жасалган. Учурда анын абалы оор, ал комада жатат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-июнда болжол менен саат 19:50дө "102" кызматына Дэн Сяопина 23 дарегинде мас абалындагы эркек киши бычакка окшош буюм менен коркутуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция ал жаранды кармап, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып келген. Ал 1984-жылкы С.К., аттуу жаран болгону аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий