• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жигити кол салып, барымтага алган аял каза болду - дарыгер

Кырсык 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жигити барымтага алып, кол салган аял каза болду. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, окуядан улам аял олуттуу жаракат алган. "Түндө ал каза болуп калды. Ооруканага жаңы келгенде да абалы өтө оор болчу. Ал жандардыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган эле", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 17-июнда Дэн Сяопин 23 дарегиндеги имаратта эркек киши аялды барымтага алып, бычак менен коркуткан. Милиция ал жаранды кармап, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып келген. Ал 1984-жылы туулган С.К., аттуу жаран болгону аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий